Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 31-марттан 2-апрелге чейин Ташкент шаарында чыгармачылык сапар менен болуп, “Акыркы кат” спектаклин тартуулады.
Анда белгиленгендей, спектаклди ташкенттик көрүүчүлөр чоң овация менен кабыл алышты.
Чыгарма эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин калемине таандык. Ал эми койгон режиссёру Уланмырза Карыпбаев.
“Акыркы кат” театрдын 100 жылдыгынын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин кеңири белгилөө тууралуу президенттин жарлыгынын негизинде коюлду.
Маданий иш-чарага эки өлкөнүн президенттеринин кеңешчилери Хайриддин Султанов жана Медет Букуев, эки тараптын окумуштуулары, ректорлору, депутаттары, артисттери, жазуучулары жана коомдук ишмерлери катышты.