Ташкент, 06.10.25. /Кабар/. Эл аралык IQAir кызматынын маалыматына караганда, бүгүн эртең менен саат 9:00дө Ташкент шаарындагы абанын сапат индекси (AQI) 380 пунктка жеткен. Бул көрсөткүч «коркунучтуу» деңгээлге туура келет. Адистердин айтуусунда, мындай учурда көчөдө жүрүү адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Маалыматка ылайык, абанын булгануусуна негизинен PM2.5 деп аталган майда бөлүкчөлөр себеп болууда. Алар дем алуу органдарына терең сиңип, жүрөк жана өпкө ооруларынын өнүгүшүнө түрткү берет. Бүгүнкү күндө алардын көлөмү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген чектен 15 эседен ашык көп болгон.
Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде Ташкент дүйнө шаарларынын ичинен абасы эң булганган шаар болуп чыгып, Калькутта (Индия), Жакарта (Индонезия), Ухань (Кытай) жана Доха (Катар) сыяктуу мегаполистерди артта калтырды.
Экологдордун билдиришинче, абанын мындай деңгээлде булганышына негизги себеп — унаалардан чыккан түтүн, курулуш иштери маалында көтөрүлгөн чаң жана завод-фабрикалардын калдыктары. Ошондой эле шамалдын болбой турушу жана абанын инверсиясы (жогорку катмардагы абанын төмөн түшүп, булганган абанын жер үстүндө калышы) зыяндуу заттардын тарашына тоскоолдук жаратып, кырдаалды андан ары оорлотууда.