Ташкент Борбор Азияда балдар контентин өндүрүү хабына айланышы мүмкүн

Борбор Азия Загрузка... 23 Декабрь 2025 09:52
b_22_1.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.12.25 /Кабар/. Өзбекстан президентинин администрациясынын башчысы Саида Мирзиёеванын катышуусунда Ташкент шаарында The Walt Disney компаниясынын таланттарды өнүктүрүү боюнча вице-президенти, «Эмми» сыйлыгынын сегиз жолку лауреаты жана Screecherspix телекомпаниясынын негиздөөчүсү Хайма Вашингтон менен жолугушуу болду. Ал Өзбекстанга өлкөдөгү биринчи толук метраждуу 3D форматтагы анимациялык тасма — «Sehrlandia» фильминин бет ачарына катышуу үчүн келген. Бул тууралуу Саида Мирзиёева социалдык тармактардагы баракчасында маалымдады.

Жолугушууда Өзбекстанды Борбор Азия аймагында балдар контентин өндүрүү боюнча ири регионалдык борборго айландыруу максаты коюлуп жатканы белгиленди. Бул багытта эл аралык тажрыйбаны тартуу менен, айрыкча Голливуддун адистери менен биргеликте аниматорлордун, режиссёрлордун жана сценаристтердин жаңы муунун даярдоо пландалууда. Хайма Вашингтон өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кызыгуу билдирип, сунушталып жаткан демилгелерди колдоого даяр экенин айтты.

Ошондой эле өзбек тарап улуттук тилде балдар контентин өнүктүрүүгө багытталган телеканал жана Screecherspix компаниясынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн Ташкент шаарында ачуу демилгесин көтөрдү.

Мындан сырткары, эл аралык компаниялар үчүн жеңилдетилген шарттар каралган Cinema Park креативдүү паркын түзүү жана келечекте тематикалык «Диснейленд» паркын куруу идеясы да талкууланды.

Серепчилердин баамында, бул долбоорлор Өзбекстанды аймактык маданий жана туристтик борбор катары чыңдоого багытталганын жана бардык кызыкдар тараптар менен ачык диалог жүргүзүүгө даяр экенин көрсөтөт.