Ташкент, 07.11.25. /Кабар/. Эл аралык Condé Nast Traveler журналы Ташкентти «2026-жылы Азияда саякаттоого эң мыкты жерлердин бири» деп атады. Бул тууралуу басылманын жарыялаган рейтингинде айтылат.
Маалыматта Ташкент туристтерди тарыхый мурас менен заманбап инфраструктуранын өзгөчө айкалышы менен өзүнө тартууда. Шаарда байыркы медреселер, эски базарлар жана кууш көчөлөр жаңы маданий мейкиндиктер жана коомдук жайлар менен айкалышып турган айтылат.
Журналда белгилегендей, акыркы жылдары Өзбекстандын борбору Борбор Азиядагы маданий туризмдин маанилүү очогуна айланып баратат. Айрыкча «Ислам цивилизациясы борборунун» жана «Заманбап искусство борборунун» ачылышы шаардагы музейлер менен маданий иш-чараларга жаңы дем берди.
Эми Ташкент Самарканд, Бухара жана Хивага өтмөкчү гана эмес, өзүнчө туристтик багыт катары да таанылып жаткандыгы айтылат.