Ташиев Жалал-Абаддын жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өткөрдү

Аймак 1 сентябрь 2025 16:55
540662831_1621783388780663_7868990546977009464_n.jpg
540670585_1621783445447324_273979407046184979_n.jpg
540761762_1621783428780659_7621508750050479457_n.jpg
542760167_1621783392113996_1007592885211054081_n.jpg
542762064_1621783515447317_8941690340018635606_n.jpg
540024592_1621783505447318_2066719246897185327_n.jpg
540389384_1621783422113993_6826543668201302959_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Жалал-Абад облусунун жаңы административдик имаратында алгачкы жыйын өттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагына АТРдин алкагында кошулган айылдарды картадан көрсөттү.

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын башкы планын түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ал шаардагы курулуштар белгилүү бир тартип менен жүргүзүлүшү керектигин айтып, эгер башкы план алдын ала даярдалбаса, келечекте олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарына суу тартуу маселеси да көтөрүлдү. Шаар тургундарын таза суу жана чарбалык суу менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имарат 30-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Ал эми бүгүн, 1-сентябрда ошол имаратта алгачкы жыйын өтүп, анда негизги маселе катары Жалал-Абад шаарынын башкы планы талкууланды. Тапшырмаларды тез арада аткаруу милдеттендирилди.и