Чолпон-Ата, 10.09.25 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТС) кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.
Жыйынга Беларусиянын, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын коопсуздук органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле ШКУ РАТС Аткаруу комитетинин директору катышты.
Камчыбек Ташиев ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздукту камсыз кылуу жана терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге каршы күрөшүү жаатындагы жамааттык чечкиндүүлүгүн ырастоо менен кызматташтыкты бекемдөөдө, Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн ШКУ РАТС кеңешинин 44-отуруму маанилүү кадам болгонун белгилеп, анын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын 2025–2026-жылдарда ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында расмий иш-чаралардын башталышын жарыялады.
Ташиев Кыргыз Республикасынын эл аралык терроризмге каршы күрөшүү принциптерине берилгендигин баса белгилеп, РАТСтын биргелешкен аракеттерди координациялоодогу негизги ролун белгиледи. Приоритеттүү багыттар катары:
- Маалымат алмашууну күчөтүү;
- Террористтердин заманбап технологияларды (анын ичинде жасалма интеллектти жана кибермейкиндикти) колдонушуна каршы туруу;
- Биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана радикалдашууну болтурбоо болду.
Жыйындын алкагында ШКУнун түзүмүндө жаңы структураларды, анын ичинде Бишкекте трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан бул жаатта ыкчам иш жүргүзүүгө жана аймактык коопсуздук механизмдерин жаңылоого салым кошууга даяр экени белгиленди.
Ошондой эле атайын кызматтар менен укук коргоо органдарынын ырааттуу ишинин натыйжасында, Кыргыз Республикасында эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдар менен байланышкан уюшкан кылмыштуу топтор түп-тамырынан жок кылынганы айтылды.
Кыргызстан мындан ары да аймактык туруктуулукту чыңдоого, ШКУнун алкагында тилектештикти жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, заманбап чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууга даяр экенин билдирди.