Ташиев Оштогу "Достук" чек ара бекетининин айланасын жакшыртуу иштери менен таанышты

Аймак Загрузка... 08 Июль 2025 14:47
WhatsApp_Image_2025_kQSqWmV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапары менен Ош шаарында жүрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал алгач "Достук" чек ара бекетинин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери менен таанышты.

Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев чек ара бекетинин айланасы жана унаа жолунун эки четинде жайгашкан курулуштардын буга чейинки абалына токтолуп, жалпы маалымат берди.