Ташиев Ошто үч эмдин апасына 3 бөлмөлүү батир тапшырды

Аймак 15 Сентябрь 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-09-15 at 10.57.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-15 at 10.57.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-15 at 10.57.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-15 at 10.57.26 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-15 at 10.57.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-15 at 10.57.26 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үч эмдин энеси Нуржамал Баатырбек кызына Ош шаарынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Нуржамал Баатырбек кызы Алай районунун Арпа-Тектир айылынын тургуну, төрт баланын энеси.

2024-жылы жарыкка келген үч эмине Мустафа, Муслим жана Муса деген ысымдар коюлган. Жолдошу менен эки жолго түшүп, балдарын өзү багып келе жаткан Нуржамал буга чейин ата-энесинин үйүндө жашап, өз алдынча үй алууга мүмкүнчүлүгү жок эле.

Ош шаарынын борборундагы жаңы батир заманбап шартта толук жасалгаланып, жаш эне менен балдар үчүн кең жана ыңгайлуу очок болуп калды.