Ташиев: Эл арасында коррупцияны мамлекеттик органдар жаратат

Коом Загрузка... 09 Декабрь 2025 16:27
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Карапайым калк арасында коррупцияны жараткан бул - мамлекеттик органдар. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын арасындагы коррупция негизинен бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө, аларды пайдаланууда жана жыйынтыгын чыгарууда билинет.

“Мамлекеттик органдардын арасында коррупцияны жөнгө салуу, жоюу негизги милдеттердин бири. Андан тышкары, кызматтык абалдан пайдаланууда, бюджеттик-финансылык каражаттарды өзүнө ыйгарып алуунун негизинде коррупция башталат. Мына ошолорду тартипке салуу үчүн бизде көп иштер жүрүүдө. Президентибиз менен чогуу коррупцияга каршы беренелерди жана бир топ мыйзамдарга чоң өзгөртүү киргизүүнү чечим кылдык. 2024-жылдын аягына чейин ошол мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алдык. Президентибиз Садыр Жапаров 2024-жылдын 30-декабрында коррупцияга жазаны күчөткөн бул мыйзамга кол койду”,- деди Ташиев.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда буга чейин жемкорлукка айыпталгандар айып пул төлөп, эркиндикке чыгып кеткен учурлар болгон. Эми ошонун баары өзгөрүп, жаңы мыйзамда күнөөлөнгөн адам өз күнөөсүн мойнуна алса да, тергөө менен кызматташса да, келтирилген зыянды ордуна койсо, да коррупциялык беренеде каралаган мөөнөттүн жарымын сөзсүз камакта өткөрүшү керек. Коррупцияга каршы мыйзамдардын беренелери 7 жылдан жогору.