Ташиев чек арадагы жаңжалда эки көзүнөн жаракат алган аскерге каржылык колдоо көрсөттү

Коом 12 август 2025 18:13
530857044_1605675320391470_4624192430342650687_n.jpg
531163362_1605675347058134_8224633013679374034_n.jpg
531246594_1605675300391472_5307584419435666310_n.jpg
531790120_1605675327058136_5773611885225967711_n.jpg
532008091_1605675340391468_3910632482650145619_n.jpg
532436980_1605675293724806_1186248591762758612_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат районунун тургуну Элдияр Төлөновду кабыл алып, каржылык колдоо көрсөттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ал 2022-жылы Баткен чек ара жаңжалында көзүнө жарылгыч заттын учкуну чачырап, эки көзүнөн жаракат алган.

Белгилей кетсек, Төлөнов Элдияр Таалайбекович 2021-жылы Куралдуу күчтөрдүн Аскердик иниститутун аяктап, 2021-2022-жылдары ИИМдин Ички аскерлеринин Баткен бөлүмүнүн батальондорунун биринин командири, андан соң ротанын командиринин орун басары болуп мамлекетке кызмат өтөгөн.

2022-жылы Баткен районундагы чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алып, Туркиядан, андан соң Москва шаарынан дарыланып келет.

Элдияр Төлөновдун 1-топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин Мамлекет тарабынан 1 млн 794 миң сом бөлүнүп, андан тышкары Бишкек шаарынан батир берилген. Учурда Элдияр Төлөновго ай сайын 15 765 сом жана майыптуулук боюнча 7000 сом пенсиялар төлөнүп турат.

Камчыбек Ташиев ушундай эл жерин коргогон чыныгы офиццер, патриот уулду тарбиялап өстүргөн Элдияр Төлөновдун ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирди.

Мындан нары дагы колунан келген жардамын аябастыгын, жардам токтобостугун айтып, ага ден-соолук тиледи.