Чаткалда чакан ГЭСтердин курулушуна старт берилди

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2025 10:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушуна старт берди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ошондой эле ал Чаткал өрөөнүндө алгачкы алгачкылардан болуп курулуп жаткан "Башкы-Терек" ГЭСинин имаратына капсула салуу аземине катышты.

Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС куруу каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт. Долбоор министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, эгергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып жатат.

ГЭСтерге "Гран Холдинг" ЖЧКсы инвестор болгон. Чаткал ГЭСтер каскады Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Алар:

  • Башкы-Терек;
  • Коргон-Сай;
  • Чуңкурчак;
  • Айгыр-Жал.

"Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот жана Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө биринчи жолу ГЭС салынып жатат. Бул өлкөдөгү жеке өнөктөштөр тарабынан курулуп жаткан эң ири долбоор болуп саналат.