Ташиев Баткендеги стадиондун курулушун тездетүүнү тапшырды

Аймак 24 Июнь 2025 10:00
510991978_1566643980961271_2295292027424642275_n.jpg
510481968_1566644030961266_6563499670030322884_n.jpg
510497407_1566644087627927_3928290126097321778_n.jpg
510720056_1566643964294606_3870530819395911364_n.jpg
511014843_1566644100961259_152987632814800446_n.jpg
511035703_1566643987627937_2245362178110410338_n.jpg
511367350_1566644000961269_3796533154372003810_n.jpg
511896742_1566644024294600_7789819318014632791_n.jpg
512680142_1566644077627928_423895099540669576_n.jpg
512705952_1566643960961273_7698154052493637215_n.jpg
513500383_1566644010961268_3959555219667963310_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы 10 миң кишилик стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, подрядчыга жана тийиштүү кызмат адамдарына жеринде тапшырмалар берилди.

Камчыбек Ташиев курулуш иштеринин жүрүшү жай болуп жатканын сынга алып, иштерди тездетүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүүгө жана инфратүзүмун жакшыртууга мамлекеттен 10 млрд сом бөлүнгөн. Анын 1 млрд сому стадиондун курулушуна каралган.

Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.

Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары 3 машыгуу оюн талааларын жана 4 кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот. Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.

Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат.

Ошондой эле футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.

Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.

Бул аракеттер КР президентинин "2024 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында ишке ашууда.