Ташиев УКМК Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

Коом 4 июль 2025 10:15
515012976_1574782993480703_5958733846584281517_n.jpg
515439698_1574783193480683_7731427125811509775_n.jpg
515442751_1574783216814014_7220897001435698600_n.jpg
515494573_1574783183480684_8792327771839517935_n.jpg
515498750_1574783053480697_6021295312340545068_n.jpg
515498921_1574782960147373_6092242237288589599_n.jpg
515505777_1574783140147355_7744243195731648381_n.jpg
515507204_1574783033480699_5234498778782702006_n.jpg
515508851_1574783083480694_3289469528081546679_n.jpg
515509150_1574783206814015_275574085947071172_n.jpg
515509381_1574783096814026_6892846423121013459_n.jpg
515933322_1574783103480692_2449747355731254791_n.jpg
515957980_1574783060147363_2950591499575348319_n.jpg
515980603_1574783026814033_3568426556107242908_n.jpg
516005761_1574783130147356_8736456471609029399_n.jpg
516372448_1574783076814028_8697009296350263555_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 04.07.25 /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Ташиев бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы жана мекенге кызмат кылуудагы кесиптик жолунун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жаш офицерлердин антына берилгендигин, мекенчилдигин жана жогорку кесиптик даярдыгын баса белгиледи.

Быйыл офицердик курамдын катарына татыктуу окуудан өтүп, жогорку деңгээлдеги билимин, тартиптүүлүгүн жана ишине берилгендигин көрсөткөн ондогон бүтүрүүчүлөр кошулду. Алардын баары биринчи аскердик наамдарды жана мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду алышты.

Өзгөчө айырмаланган курсанттарга ыраазычылык кат жана эстелик белектер тапшырылды. Аземге бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана жакындары да катышып, жаш офицерлерди тарбиялоого жана окутууга кошкон салымы үчүн окутуучуларга жана командачылыкка ыраазычылык билдиришти.

Алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшыруу жаш Ата Мекенди коргоочулардын жашоосунда жаңы барактын башталышынын символу. Алардын алдында аскердик кызмат өтөө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эң маанилүү милдеттерди аткаруу турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атайын кызматынын тарыхында алгачкы жолу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Академиясы ачылып, анда коопсуздук багындагы кызматкерлер, чек арачылар жана башка ушул сыяктуу адистер даярдалат. 2025-жылдан баштап курсанттар УКМК Академиясында окутулуп, эми алар Россия Федерациясынын ФККсына окууга барышпайт.