Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. "Таш-Рабат" архитектуралык эстелигин реставрациялоо тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамга жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Таш-Рабат" архитектуралык эстелиги табигый жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда тургандыктан 2025-жылы реставрациялоо боюнча тендер өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү "Юг-Стройсервис" ААК болуп аныкталган. Иш-чаралар "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасынын алкагында аткарылууда.
"Реставрация "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамга жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү социалдык тармактарда "Таш-Рабат" кербен сарайында жүрүп жаткан иштер боюнча туура эмес маалыматтар чыккан.
Эскерте кетсек, "Таш-Рабаттагы" акыркы чоң реставрация XX кылымдын 70-80-жылдарында жүргүзүлгөн. Учурдагы иштер анын тарыхый маанисин жана келечек муундар үчүн баалуулугун сактап калууга багытталган.