Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында 2021–2026-жылдары спорттук жана маданий инфраструктуранын бир катар объектилери оңдолуп, жаңылары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуусунда белгилүү болду.
Анда белгиленгендей, аталган мезгилде 3 975 көрүүчүгө ылайыкталган “Шахтёр” борбордук стадиону оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Мындан тышкары, шаардын түндүк бөлүгүндө бокс залы, балдардын искусство мектебинин жаңы имараты жана А. Пушкин атындагы № 9 мектептин спорт залы пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын имараты оңдолгон.