Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында көмүрдү кайра иштетүүчү жана цемент заводдорунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуусунда белгилүү болду.
Анда белгиленгендей, инвестициянын көлөмү болжол менен 1,5 млн долларды түзгөн “Таш-Көмүр КФ” көмүрдү кайра иштетүүчү заводду 2026-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
Ал эми инвестициянын көлөмү 70 млн долларды түзгөн “ЮгЕвроЦемент” цемент заводун 2027-жылы ишке киргизүү мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүүнүн алкагында дарыянын жээгинде туристтик аймак түзүү жана Курп-Сайдан шаарга таза ичүүчү суу жеткирүү долбоорлору каралган.