Таш-Көмүрдө бала бакчанын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

Аймак 14 февраль 2025 16:20
Таш-Көмүрдө бала бакчанын жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Таш-Көмүрдө бала бакчанын жер тилкесинин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жооптуу кызмат адамдары "Мишутка" балдар бакчасына таандык 3 млн 500 миң сомду түзгөн 1 717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Таш-Көмүр шаардык ИИБге тапшырылды.

Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.