Таш-Көмүрдө ата-энесинен ажыраган 4 бала турак жайлуу болду

Аймак Загрузка... 31 Декабрь 2025 14:43
607726884_119250068.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек , 31.12.25. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында 16 жаштагы төрт тоголок жетим бала турак жайлуу болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын прокуратурасы тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк укуктары боюнча мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу багытында текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 16 жаштагы төрт тоголок жетим балдардын мыйзамда белгиленген тартипте турак жай менен камсыз болбогондугу аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен төрт балага батирлер берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.