Таш-Көмүрдө 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди

Аймак 31 октябрь 2025 13:10
572748392_1930711731129415_8522196606339146723_n.jpg
571995045_1930711984462723_8948027642253534585_n.jpg
572172965_1930711774462744_5942444454361863761_n.jpg
572361070_1930711847796070_4824913217016598086_n.jpg
572381620_1930712061129382_6561368339404051498_n.jpg
572786554_1930708234463098_8884232828831338615_n.jpg
573994887_1930712067796048_8608474822021524441_n.jpg
574651888_1930711867796068_8102226867206740010_n.jpg
574861831_1930711961129392_1406215004432180003_n.jpg
575190764_1930711747796080_7236918452946623399_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Бүгүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган турак үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө жаңы турак жай ээлерин куттуктап, бул иш-чара мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.