Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. 2025-жылы Таш-Көмүр шаарынын кирешеси 515 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын активи жана тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү кирешелеринин көлөмү 114,9 млн сомду түзсө, 2025-жылы бекитилген кирешелер көлөмү 125 млн сомго жеткен.
Мындан тышкары, шаарга республикалык бюджеттен 389,9 млн сом бөлүнгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын кирешелеринин жалпы көлөмү 515 млн сомду түзгөн.