Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Акыркы жумада Бишкекте жана өлкө аймактарында цемент тартыштыгы жана ага болгон баанын өсүшү байкалды. Бул көрүнүш Чүй облусунда жайгашкан “Терек-Таш” цемент заводу оңдоо иштерине жабылып, керектүү көлөмдө цемент өндүрүлбөй калгандыгына байланыштуу экенин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда учурда цемент өндүрүүчү 5 завод иштеп келет. Анын 2 заводу Чүй облусунда жайгашса, түштүктөгү Араван районунда 2 завод, Кызыл-Кыя шаарында 1 цемент өндүрүүчү завод жайгашкан.
“Бул заводдордун өндүрүш кубаттуулугу жылына 5,5 млн тонна цемент өндүрөт. Азыр Чүй облусунда жайгашкан 2 заводдун бири, күнүнө 5 миң тоннадан ашык цемент чыгарган “Терек-Таш” заводу 5-майдан тартып оңдоо иштери үчүн пландуу жабылгандыгына байланыштуу тартыштык жаралууда. Биз байкагандай, негизи заводдордо баа
өскөн жок. Цемент керектүү көлөмдө чыгарылбай калгандыктан баа жасалма түрдө көтөрүлүп кетти. Биздин кызмат соодагерлер менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Экономика министрлигине биздин кызмат тиешелүү өкмөттүн токтомуна ылайык, социалдык маанилүү делген 16 товардын тизмесине цементти киргизүү боюнча сунуш киргиздик”,- деди Иманкулов.

Ошондой эле өлкөдө курулуш, оңдоо иштери кызуу жүрүп жаткан мезгилде цементтин негизги бөлүгү ири кардарларга жөнөтүлүп, мындай абалда базарда цементтин жетишсиздиги жана анын баасынын жогорулашы болуп жаткандыгы кошумчаланды. Мындай шартта керектөөлөрдүн талаптарын толук жабуу үчүн кошумча цемент заводдорун куруу мезгилдин талабы болууда.
Бул багытта быйыл Кыргызстанда ачыла турган 128 ишкананын катарында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында курулуп жаткан цемент заводун жыл аягында ишке берүү пландалууда.
Маалымдалгандай, Кытайдан алынган заманбап жабдуулар менен жабдылган заводдун курулуш иштери учурда 60 пайызга аяктады. Учурда долбоор Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен инвестициялык келишимди даярдоо этабында турат. "Юг Евро Цемент" ЖЧК цемент заводу ишканасын куруу боюнча долбоор - 2024-жылы "Курманбек" ЖЧКнын базасында негизделген. Компания өлкөнүн ички рыногу, керектөөсү үчүн Жалал-Абад облусунда цемент заводун куруу менен алектенүүдө. Аталган долбоор чет өлкөлүк түз инвестициялардын эсебинен каржыланып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, аймактык экономиканы өнүктүрүүгө багытталган. Эң негизгиси аталган завод ишке кирсе, өлкөдө цемент тартыштыгы жоюлмакчы. Анткени, Жалал-Абад облусунан ишке берилүүчү 13 ишкананын катарындагы цемент завод өнөр жай үчүн жана жарандар жүргүзгөн курулушка керектелүүчү цемент өндүрөт.
Өткөн жылдын август айында министрлер кабинетинин төрагасы заводго барганда белгилүү болгондой, ишкана жылына 1 млн тоннага чейин цемент өндүрүп, 250 – 300 адамды жумуш менен камсыздаары белгиленген. Заводдун курулуш иштерине 100 адам тартылган. Ал эми быйыл 128 ишкана ишке кирсе 15 миң жумушчу орун түзүлөөрү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары өлкөдө мындан ары да цементке болгон муктаждык өсөт деген божомол бар. Мында жылына 1 млн тоннага чейин цемент өндүрүүгө ылайыкталган Таш-Көмүр шаарындагы заводдун ишке кириши абдан маанилүү.
“Азыр Кыргызстандын бардык аймактарында болуп көрбөгөндөй курулуш иштери жүрүп жатат. 30 жылдан бери мамлекеттик имараттар, завод, ишканалар мындай деңгээлде курулган эмес. Учурда бир гана Бишкекте эмес, 7 облуста тең курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми курулуш иштерине сөзсүз түрдө цемент керектелет. Ошого байланыштуу цементке болгон суроо-талап өсүүдө жана мындан ары да өсөт деген божомол бар”,- дейт Муратбек Иманкулов.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөнүн жалпы цементке болгон муктаждыгы, керектөөсү жылына 5,5-6,3 млн тоннаны түзөт. Жаңы завод ишке кирсе ата мекендик өндүрүүчүлөр бул керектөөнү толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Анткени, учурда өлкөгө Казакстан, Өзбестан, Иран, Кытай жана Россиядан кошумча цемент импорттолуп келүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жылдын алгачкы эки айында 80 миң тоннадан ашык цемент импорттолгон. Эң негизги көлөм Казакстан менен Өзбекстандан келет. Жыл соңунда Таш-Көмүр шаарындагы завод ишке кирсе ички рынок толук камсыздалып, ал гана эмес экспортко чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.