Өлкөдө 5 цемент заводу иштеп жатат, тартыштык болбойт - Муратбек Иманкулов

Экономика Загрузка... 13 Май 2025 10:04
WhatsApp Image 2025-05-13 at 09.55.56.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.25./Кабар/. Кыргызстандагы жергиликтүү цемент заводдору толук кубаттуулукта иштеп жатат, тартыштык жаралбайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Муратбек Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы рыноктогу абалга үзгүлтүксүз туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүүдө. Мониторингдин жүрүшүндө айрым цемент заводдорунда оңдоо иштеринин жүрүшүнөн, ошондой эле мезгилдик факторлордун таасиринен цементтин жетишсиздиги жана рынокто баанын өсүшү аныкталган. Бирок, өндүрүш ишканалары цементтин баасын көтөргөн жок.

Ал эми базарларда цементтин баасы өндүрүүчүлөрдүн баасына салыштырмалуу жогору болот.

"Анализдин негизинде цементтин жетишсиздигин байкап жатабыз. Буга байланыштуу баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө жана рынокто туруктуулукту камсыз кылуу максатында жергиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Азыр республика боюнча беш завод толук кубаттуулукта иштеп жатат. Калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн цементтин керектүү көлөмү өндүрүлүп жатат. Баалар туруктуу", - деди Иманкулов.