Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Кыргыз геологиялык кызматынын имаратында өткөн кеңешмеге көмүр казуучу 30дан ашык компаниянын өкүлдөрү катышты. Анда көмүр өндүрүүнүн көлөмү, ички рынокко сатуу жана калктын отунга болгон керектөөсүн камсыздоо маселелери каралды.
Ишкерлер өндүрүштө жана көмүр сатууда жаралган көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүү боюнча сунуштарын беришти.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдар менен компаниялардын ишин координациялоо жана жылытуу мезгилинде көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.