Бишкектиктер көмүрдү 3 жылга чейин бөлүп төлөө менен ала алышат

Коом
Бишкектиктер көмүрдү 3 жылга чейин бөлүп төлөө менен ала алышат
copyright icon WWW

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары көмүрдү ислам каржылоосунун "Мурабаха" принциби менен үч айдан 36 айга чейин бөлүп төлөп сатып ала алышат.

"Кыргызкөмүр" ААКтан билдиришкендей, бүгүн MIslamic менен биргелешип ишке киргизген программанын расмий ачылышы өттү.

Программанын алкагында көмүрдү 200 миң сомго чейин бөлүп төлөө шарты менен алууга болот. Каржылоо үчүн жарандардын оң кредиттик тарыхы болушу жана MIslamic белгилеген талаптарга жооп бериши керек.

Мурабаха — товардын баасы жана үстөк акысы алдын ала макулдашылган исламдык каржылоо ыкмасы.

Долбоор көмүр сатып алууну жеңилдетип, шаар тургундарына кышкы жылытуу мезгилине даярданууга шарт түзүүгө багытталган.