Бакыт Төрөбаев жылына 1,7 млн тонна цемент чыгарган Терек-Таш заводунун иши менен таанышты

Коом Загрузка... 22 Апрель 2025 17:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан «Терек Таш» цемент заводунун өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, «Терек Таш» цемент заводу 2024-жылдын 30-августунда ачылып, пайдаланууга берилип, 150 адам жумуш орун менен камсыздалган. Өндүрүмдүүлүк кубаттуулугу –  жылына 1,7 млн тонна цемент чыгарууга жөндөмдүү. 

Долбоор жеке инвестициялар жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (45 млн. АКШ доллары) аркылуу каржыланган. 

Белгилей кетсек, цемент заводу өндүргөн продукциялар айыл чарба тармагында каналдарды бетондоо, оңдоо, суу сактагычтарды куруу иштеринде кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк берет.