Таш-Көмүр шаарына 10 атайын техника тапшырылды

Аймак 3 декабрь 2025 17:19
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
592383084_1957052488495339_1741955493898035011_n.jpg
594059209_1957057708494817_6251244272583852465_n.jpg
594059508_1957058461828075_2822912800527662868_n.jpg
594066503_1957057571828164_4494653678414173152_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
592383084_1957052488495339_1741955493898035011_n.jpg
594059209_1957057708494817_6251244272583852465_n.jpg
594059508_1957058461828075_2822912800527662868_n.jpg
594066503_1957057571828164_4494653678414173152_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бүгүн Таш-Көмүр шаарына 10 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникаларды президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев тапшырды.

Анын ичинен 5 техника министрлер кабинети тарабынан бекитилген "Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарын тездетилген социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу жөнүндөгү" иш-чаралар планына ылайык, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 100 млн сомдун эсебинен сатып алынган.

Калган техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алынган.

Облус башчысы Тилек Текебаев шаар тургундарын куттуктап, жаңы алынган техникалар калктын жашоо шартын жакшыртууга, шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана коммуналдык кызматтардын ишин натыйжалуу уюштурууга чоң салым кошоорун белгиледи.