Тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өттү деген маалымат чындыкка дал келбейт – министрлик

Коом 19 08 Август 2026 11:40
767161571_1041902618554289_7808125012401552660_n.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 08.08.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги социалдык тармактарда Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес.

Ал эми “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү” 15-августтан 15-ноябрга чейин убактылуу гана уюштурулат.

Иш-чара музей менен Тяньцзинь музейинин жана чки Монголия автономиялуу районунун муейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык тууралуу меморандумдардын алкагында уюштурулуп жатат.

Ал музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөрдү өткөрүүгө арналган бош аянтчаларда уюштурулат. Ошондуктан музейдин туруктуу экспозициялары кадимки тартипте ишин улантат.

Буга чейин 2025-жылы Пекин шаарындагы Кытайдын Улуттук музейинде тарых музейинин көчмө көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган экспонаттар коюлган. Тарых музейинде да бир катар эл аралык убактылуу көргөзмөлөр өткөрүлүп келет.

Министрлик Тяньцзинь музейи да убактылуу көргөзмөлөрдү башка өлкөлөрдө үзгүлтүксүз уюштуруп келерин белгиледи. Анын көргөзмөлөрү АКШ, Беларусь, Испания, Латвия жана Казакстанда өткөрүлгөн.

“Бишкек шаарында өтө турган бул убактылуу эл аралык көргөзмө дүйнөлүк музей кызматташтыгынын алкагындагы кезектеги маданий долбоор болуп саналат. Ал Тарых музейинин макамын, укуктук статусун же таандыктыгын өзгөртпөйт жана музейдин имаратынын кандайдыр бир бөлүгүн башка тарапка өткөрүп берүү дегенди билдирбейт”, — деп билдирет министрлик.

Ведомство жарандарды жана ЖМКларды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана такталбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.