Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова Түрк маданияты жана мурасы фондунун долбоордук менеджери Нури Аксу жана Түрк дүйнөсү фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Осман Өзсой менен жолугушту.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен маданий платформаларды түзүү, Кыргызстандын археологиялык жана этнографиялык коллекцияларын эл аралык деңгээлде кеңири таанытуу боюнча көргөзмө долбоорлорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле түрк элдеринин тарыхый-маданий мурасын сактоо жана жайылтуу, биргелешкен маданий, илимий-изилдөө жана көргөзмө долбоорлорун ишке ашыруу, музей адистери үчүн тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу боюнча кызматташуу багыттары белгиленди.
Тараптар узак мөөнөттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана музейлер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.