Тарыхый жыл: Баткен тынчтыкка жетип, өнүгүү жолуна түштү

Аймак Загрузка... 12 Декабрь 2025 18:16
WhatsApp Image 2025-12-12 at 18.33.01.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын алыскы аймактарынын бири - Баткен облусу быйыл изги тилегине жетти. 2025-жыл ал үчүн жемиштүү жылга айланып, эки өлкөнүн макулдашуусу менен чер ара маселеси чечилди. Натыйжада, чек арага жакын жашаган тургундар мурунку тынчсыздануусунан арылып, жаңыдан түптөлгөн айылдарда жаңыча жашоо башталды. Жабылган жолдор ачылып, эки элдин мамилеси жанданды. Демаркация иштери аяктап, Баткен аймагы жашоосун жаңы барактан ачты. Эми облустун алдында өнүгүүгө карай багыт алуу деген бир гана максат турат. Бул тууралуу бүгүн президенттин аймактагы өкүлү Айбек Шаменов айтып берет.

Чек аранын чечилиши менен Баткен облусу үчүн жашоонун жаңы барагы ачылды десек болчудай. Быйылкы жылы аймакта болгон орчундуу өзгөрүүлөр жөнүндө айтып өтсөңүз.

Быйылкы жыл Баткен облусу үчүн тарыхый окуяларга бай жыл болду. Облустун негизги көйгөйү болгон чек ара маселесине чекит коюлду. 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары эки өлкөнүн чек арасын тактоо жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Ошол эле күнү мамлекеттик чек аралардын, биздин “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” чек ара бекеттеринин ачылыш салтанаты өттү. Төрт жыл бою жабык турган чек ара ачылып, кошуна жашаган эки элдин кайрадан баягыдай карым-катышына шарттар түзүлдү.

31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өлкө башчыларынын үч тараптуу жолугушуусунда Мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду. Алар үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стелланын ачылыш аземине онлайн форматта катышты. Ал эми бул стелла - чек ара маселелеринин толук чечилгендигин жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин, ынак коңшулуктун жаңы доору башталгандыгынын белгиси болуп калды. Баткен эли үчүн бул аракет - тынчтыкка болгон чоң ишеним болду.

Учурда демаркация иштери канча пайыз аяктап калды? Канча чакырым жерге зым тартылды?

Делимитациялоо иштери аяктагандан кийин, 29-апрелде чек арага зым тартуу иштери башталган. Бүгүнкү күндө Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында дээрлик 150 чакырым аралыктагы инженердик жабдуу иштери аяктады.

Чек араны тактоодо чек ара сызыгы тургундардын үйлөрүнө, короо жайына, бак-дарактарына туура келип калган жерлер аябай көп болду. Бул өнөктүккө жергиликтүү эл туура түшүнүү менен мамиле жасады. Натыйжада айрым турак үйлөрдү бузууга, жылдырууга бак-дарактарды кыюуга туура келип жатты. Ал тургай бул иштерге тургундар өздөрү да кол кабыш кылып жатышты. Ал эми чек араны тосуу иштеринин жүрүшүндө өлкөнүн булуң-бурчунан мекендештер тамак-ашын көтөрө келип, жылуу сөздөрүн айткандар болду. Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирем.

Бул арада чек арага жакын айылдардын тургундары жаңы түптөлгөн айылдарга көчүрүлдү. Аларга кандай шарттар түзүлдү, социалдык объектилер менен камсыздалдыбы?

Учурда чек ара айылдарынын тругундары жаңы конуштарга толук жайгашып бүттү. Эки өлкө чек араны тынчтык жолу менен чечүү үчүн бир катар чектеш аймактарды алмашууну макулдашканы жалпыбызга маалым. Ага ылайык, чек арадагы тургундарды көчүрүү үчүн Баткен жана Лейлек районунун аймагына жаңы айылдарды курууга жер аянты бөлүнүп, жалпы 257 үй курулду. Атап айтканда, Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак участкасына 57 гектар аянтка 181 турак үйдөн турган жаңы айыл түптөлдү. Лейлек районунун чек ара аймактарындагы тургундар үчүн - Раззаков айылына 11 гектардан ашык аянтка 60 турак үй, Максат айылына 44 гектардан ашык аянтка 16 турак үй курулду. Учурда жаңы конуштарга мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык обьектилердин курулушу жүрүүдө.

Негизги маселе чечилгенден кийин аймакты өнүктүрүү жаатында кандай иштер жасалууда?

Чынында буга чейин облустун коопсуздугу биринчи орунда турган. Аймактагы туруксуздук кадимкидей тоскоолдук жаратып келген. Облустун борборундагы абал жакшы эмес болгондуктан, Жаңы Баткен шаарын куруу демилгесин көтөрдүм. Учурда аны долбоорлоо, жерин трасформациялоо иштери аяктады. Министрлер кабинетинин токтому, президенттин жарлыгы чыгып, биринчи курулуш катары - облус өкүлчүлүгүнүн имараты курулмай болду.

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында 760 гектар аянтка,100 миң адамга ылайыкташкан экологиялык жашыл шаар курулат. Анда административдик, маданий объекттер, спорт комплекстери, эс алуу зоналары, филармония, заманбап билим берүү мекемелери жайгашат. Андан сырткары, шаардын борборунда Айгүл гүлүнүн образындагы байкоо мунарасы да орун алат. Ал шаардын символуна айланат.

Ошондой эле учурда “Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасынын алкагында 12 кабаттуу “Асман резиденс №1” турак жай комплексинде ипотекалык үйлөр курулууда. Ал аяктаса 4272 жаран турак жай менен камсыз болот. Ага удаа эле 10 миң адамга ылайыкталган футбол стадионунун курулушу да башталган. Көлөмү боюнча Бишкек шаарында стадиондон кийинки чоң стадион болот. Ири дүң соода борбору салынууда. Жаңы автобекет курулуп, Жаштык жана Жеңиш парктарын оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Ал эми өндүрүш тармагына кандай көңүл бөлүнүүдө?

Баткен облусун өнүктүрүү үчүн жылына бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт. Быйылкы жылдын эсебинен төмөндөгүдөй долбоорлор ишке ашып жатат:

  • Кызыл-Кыя шаарына коомдук автобустар сатып алынды. Аталган шаарга коммуналдык кызмат үчүн 6 даана техника алынууда.
  • Сүлүктү шаарында “Тоо Бүркүтү” ден соолукту чыңдоо борбору курулууда.
  • Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында Кожешкен дарыясын бекемдөө иштери жүрүүдө.
  • Кадамжайдагы Бирлик айыл аймагындагы айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбор пайдаланууга берилди.
  • Айдаркен шаарында муниципалдык таш жана темир-бетон курулуш материалдарын өндүрүү цехи ишке кирди.
  • Лейлек районунда Саркент - Ак-Суу дарыясына таш дамба каналын куруу уланууда.
  • Кадамжай шаарында бардык мезгил үчүн спорттук суу бассейни курулууда.
  • Кадамжайдын Майдан айылында “Базарбай ата” чакан ГЭСи пайдаланууга берилди.
  • Кызыл-Кыяда "Дан" ун чыгаруучу ишканасы жаңыланды.
  • Лейлектин Булак-Башы айылында “Мега Газаблок” курулуш материалдарын чыгаруучу ишканасы курулууда.
  • Кадамжайдын Көк-Талаа айылында мунай иштетүүчү завод курулуп жатат.
  • “Халмион Пром” компаниясы газобетон чыгара турган ишкана курууда.

Ошондой эле 50дөй көмүр кендери иштеп, өндүрүш тармагын алга жылдырууда.