Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Айрым имараттарды тарыхый-маданий мурастардын тизмесине калтырып, кээ бирин оңдоп-түзөп керектүү максаттарга пайдалануу зарыл. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна “Ынтымак Ордо” тургузулду. Эми мындан ары да аткаруу бийлиги өз саясатына жараша туура чечимдерди кабыл алышы маанилүү.
“Тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Керектүү тарыхый мекемелерди калтыруу зарыл. Айрымдарын туура пайдалануу үчүн оңдоп-түзөө кажет. Мындай учурларда аткаруу бийлиги өз саясатына жараша иштерди жүргүзүүсү шарт. Айрым имараттарды тарыхый баалуулук деп кармап отурсак да болбойт. Анда качан өнүгөбүз? Мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасы буздурулуп ордуна “Ынтымак Ордо” курулду. Бул мамлекеттик имарат бүгүнкү күндө өлкөнүн жүзүнө айланды. Начар абалга келген мейманкананы карап отура берсек, мамлекеттин жүзү болмок беле? Азыр мына “Ынтымак Ордого” канча деген чет элдик делегациялар, президенттер келип жатат”, - деди эл өкүлү.