Эл аралык алтын-валюта резервдери — бул борбордук банктын башкаруусунда турган алтын, чет өлкөлүк валюта жана баалуу кагаздарды камтыган жогорку ликвиддүү активдер. Алар улуттук валютанын туруктуулугун, тышкы милдеттенмелерди өз убагында тейлөөнү, экономиканы тышкы жана ички кризистерден коргоону камсыз кылуу менен каржылык “коопсуздук жаздыкчасы” катары кызмат кылат.

Кыргызстанда эл аралык резервдердин көлөмү тарыхта алгачкы жолу 10 млрд доллардан ашты. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 29-январына карата резервдин көлөмү 10 млрд 39,5 млн долларды түздү. Финансылык жөнгө салуучу органдан белгилешкендей, 2026-жылдын башынан бери эл аралык резервдер 1 млрд 436,4 млн долларга же 16,7 пайызга өскөн.
Тарыхый максимумдун жаңыланышы
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков бул көрсөткүч өлкө тарыхындагы эң жогорку чек экенин баса белгиледи.
"Бул жыйынтык Улуттук банктын эл аралык резервдерди башкаруу жаатындагы системалуу ишинин натыйжасы болду. Акыркы бир жарым жылда резервдерди башкаруунун негизги ыкмалары олуттуу реформаланып, бул өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөттү", — деди ал.
Анын айтымында, 10 млрд долларлык көлөм Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызынан дээрлик эки эсе көп жана 8-9 айлык импорттун көлөмүнө барабар. Бул финансы тутумунун жана жалпы экономиканын туруктуулугунун ишенимдүү көрсөткүчү.

Козубеков ошондой эле экономиканын өсүшү менен орто мөөнөттүү келечекте макроэкономикалык көрсөткүчтөр да бекемделиши керектигин белгиледи. Ошол эле учурда, эл аралык резервдердин динамикасы ички факторлордон – экономикалык өсүш темпинен, ошондой эле дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баа конъюнктурасын жана дүйнөдөгү жана региондогу финансылык тенденцияларды камтыган тышкы шарттардан көз каранды.
"Келечекте биз Улуттук банк тарабынан ишке ашырылып жаткан эл аралык резервдерди башкаруу саясатынан мындан аркы оң натыйжаларды күтөбүз. Мында алтын-валюта резервдеринин түзүмү динамикалуу болуп саналат жана рыноктук шарттарга жараша өзгөрүшү мүмкүн", - деп кошумчалады Улуттук банктын төрагасынын орун басары.
Тышкы экономикалык таасирлерди жумшартуу үчүн Улуттук банк ар кандай инструменттерди, анын ичинде негизги курсту, валюталык интервенцияларды жана эл аралык резервдерди колдонот. Сезондук факторлорго жараша Улуттук банк чет өлкө валютасын сатып алуу, ошондой эле сатуу боюнча операцияларды жүргүзөт. Алсак, жайкы туристтик сезондо өлкөгө чет өлкө валютасынын олуттуу көлөмү агылып келгенде, анын ашыкчалыгы пайда болушу мүмкүн. Мындай мезгилдерде Улуттук банк валютаны сатып алуу боюнча интервенцияларды ишке ашырат. Ал эми чет өлкө валютасына суроо-талап жогорулаган мезгилде, тескерисинче, аны сатуу боюнча интервенциялар жүргүзүлөт.

Эл аралык резервдердин түзүмүндө алтындын белгилүү бир үлүшү бар, ошондуктан дүйнөлүк рынокто баалуу металлдардын баасынын өзгөрүшү алардын жалпы көлөмүнө таасирин тийгизет. Бирок, Козубеков баса белгилегендей, бул жалгыз гана фактор эмес.
Орто мөөнөттүү келечекте алтын-валюта резервдеринин көлөмү, биринчи кезекте, Улуттук банк карманган резервдерди башкаруу стратегиясына көз каранды. Ал ошондой эле дүйнө жүзү боюнча борбордук банктар өз резервдеринде алтындын үлүшүн көбөйтүп жатышканын, бул тышкы экономикалык туруксуздуктун фонундагы глобалдык тренд болуп саналат экенин белгиледи.
Эл аралык резервдердин түзүмү
Кыргызстандын эл аралык резервдери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- алтын активдери;
- атайын карыз алуу укуктары (SDR);
- чет өлкөлүк валюталар портфели.
Валюта портфели АКШ доллары, евро, британ фунт стерлинги, кытай юаны, япон иенасы, канад жана австралия долларлары, швейцария франкынан, ошондой эле министрлер кабинетинин операцияларын тейлөө үчүн зарыл болгон башка валюталардан турат.

Резервдердин өсүшүнө таасир эткен факторлор
2026-жылдын башынан бери резервдердин өсүшүнө төмөнкү жагдайлар таасир эткен:
- резервдерди башкаруудан түшкөн кирешелер;
- анын курамына кирген валюталардын курсунун өзгөрүшү;
- баалуу металлдардын (алтындын) баасынын көтөрүлүшү;
- Улуттук банктын алтын менен болгон операциялары;
- тышкы милдеттенмелер боюнча төлөмдөр;
- министрлер кабинетинин пайдасына түшкөн валюталык каражаттар;
- ички валюта рыногундагы операциялар (интервенциялар).