Тарыхтагы эң белгилүү балбандардын бири Халк Хоган дүйнө салды

Дүйнө Загрузка... 25 Июль 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-07-25 at 10.23.26.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Дүйнөгө белгилүү балбан, актёр жана шоумен Халк Хоган 72 жаш курагында АКШда дүйнө салды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, ал Флорида штатындагы үйүнөн тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, бирок жүрөгү токтоп калган.

Жакынкы айларда Хогандын саламаттыгында бир катар олуттуу көйгөйлөр болгондугу айтылып, бир нече жолу операция жасалган.

Халк Хоган (чыныгы аты - Теренс Южин Боллеа) дүйнөлүк күрөш тарыхындагы эң таасирдүү жана атактуу фигуралардын бири болуп саналат. Ал "америкалык патриоттун" образын жаратып, 1980-90-жылдары балбандык аренанын жүзүнө айланган. Ошондой эле ал мурдагы АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгүн колдоп чыккан.

Атактуулугунун аркасында Хоган кино тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Ал 1982-жылы "Рокки III" тасмасы аркылуу чоң экранга чыккан. Мындан тышкары, “No Holds Barred”, “Suburban Commando”, “Мистер няня” жана “Санта Клаус” тасмаларында, ошондой эле “Baywatch” жана “Walker” сыяктуу сериалдарда эпизоддук ролдорду аткарган.

Халк Хогандын дүйнө салганы дүйнө жүзүндөгү күйөрмандары үчүн чоң жоготуу болду.