Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Японияга 1,6 тонна ашкабак үрөнү экспорттолду. Бул тууралуу Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада айтылды.
Анда белгиленгендей, алгач ирет Россияга 40 тонна беденин үрөнү да экспорттолду. Быйыл биринчи жолу Жайыл районунда помидордун түшүмдүүлүгү гектарынан 120 тоннага жетип, дүйнөлүк рекорд коюлду.
Ошондой эле быйылкы жылдын түшүмдүүлүгү да жакшы болгону маалымдалды.
Маселен, күрүч быйыл 362 миң центнер жыйналды, бул 11,2%га көп. Өлкөдө 9,4 млн центнер картошка казылып алынды. Азыр пахта, кызылча жыйноо терими бүтө элек. Ал эми буурчак 623 миң центнер жыйналды. Дан эгиндери боюнча 568 миң гектар жерге айдалган. Мөмө-жемиштер болсо, өлкөдө 2,8 млн центнер жыйналды.
2025-жылдын сегиз айында агроөнөр жай комплексинин дүң продукциясынын көлөмү 252,5 млрд сомду түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4%га көбөйгөн.