Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Канада менен Кытайдын эл аралык изилдөөчүлөр тобу кан тобу А дан универсалдуу О го өзгөртүлгөн адамдын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасашты. Бул тууралуу Nature журналы жазып чыкты.
Изилдөөчүлөр донордун бөйрөгүндөгү А тибиндеги антигендерди атайын ферменттин жардамы менен алып салышкан. Натыйжада, орган кандай гана кан тобундагы адам болбосун, бардыгына шайкеш келе турган — универсалдуу О тибине айланган. Ошондуктан, ал организм тарабынан кабыл алынат.
Модификацияланган бул бөйрөк Кытайдын Чунцин шаарындагы ооруканада мээси өлгөн 68 жаштагы эркек адамга көчүрүлүп салынган. Бөйрөк алты күн бою иштеп, заара бөлүп чыгарган. Экинчи күндөн тартып органды четке кагуунун алгачкы белгилери байкала баштаган.
Окумуштуулардын айтымында, бул органды трансплантациялоодо жаңы доордун башталышы болушу мүмкүн. Учурда органды трансплантациялоо үчүн кан тобу сөзсүз дал келген учурда гана мүмүкүн. Болбосо, бейтаптын иммундук системасы жаңы органды “жолочу” катары көрүп, аны четке кагат. Эгер бул ыкма бейтаптарда да өзүн актап, натыйжалуулугун көрсөтсө, анда орган күтүп жаткан бейтаптардын санын кескин кыскартууга болот.
Илимпоздордун кийинки максаты — ферменттик иштетүү ыкмасын жакшыртып, көчүрүлгөн органдын иштөө мөөнөтүн узартуу жана түз клиникалык сыноолорду тирүү бейтаптарда жүргүзүү.
Буга чейин да Кытайда генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочкодон алынган өпкөнү адамга көчүрүп салышкан. Ал орган токтоосуз тогуз күн иштеген.