Тарыхта биринчи жолу дүйнөгө таанымал 45 учкуч Кыргызстанда чогулат - Союзбек Салиев

Коом Загрузка... 30 Май 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Соңку жылдары өлкөнүн бардык тармактарындай эле кыргыз авиациясында да олуттуу жылыштар байкалууда. Жаңы аэропорттордун курулушу, аба майдандарын модернизациялоо жана ички каттамдарды жандандыруу - булар авиация инфраструктурасын заманбап талаптарга ылайык келтирүүгө багытталган кадамдар.

Мындай прогресс дүйнөнүн көңүлүн Кыргызстанга буруп, чет элдик инвесторлор менен саякатчылардын кызыгуусун арттырууда. Айрыкча жаратылышы кооз, географиялык жайгашуусу ыңгайлуу болгон Кыргызстан транзиттик жана туристтик багыт катары көңүл борборунда. Авиация тармагындагы өнүгүүлөр өлкөгө эл аралык иш-чараларды, туризмди жана бизнес байланышын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

Дал ушул жетишкендиктердин натыйжасында, дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырган белгилүү учкучтар Кыргызстандын авиация мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн өлкөгө келип жатканы да бекеринен эмес.

Учкучтардын бул жолугушуусу тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигине учкучтар менен авиаторлордун кыргыз ассоциациялык бирикмесинин төрагасы Союзбек Салиев айтып берди.

- Саламатсызбы, Союзбек Сатыбалдиевич! Алгач 1-июнда боло турган учкучтардын жолугушуусу тууралуу айтып берсеңиз?

- Ар бир эки жылда дүйнөнүн булуң-бурчунда учкучтардын жолугушуусу өткөрүлүп турат. Жолугушууга жөн гана учкучтар эмес, жер жүзүн кыдырган белгилүү учкучтар катыша алышат. Жер жүзүн кыдырган учкучтардан түзүлгөн атайын коом бар. Буга чейин учкучтар Жаңы Гвинея, Швейцария, Кытай, Папуа, Австралия, Бразилия өлкөлөрүндө жолугушкан. Бул жылы учкучтар менин чакыруум боюнча Кыргызстандын кереметтүү Ысык-Көлүндө чогулушат. Мен арыз бергенде алар бардык критерийлерди карап чыгышып, учкучтардын 80 пайызы мени колдоп беришти. Тагыраагы, биздин өлкө дүйнө жүзүн кыдырган учкучтар арасындагы добуш берүүдөн эле жеңип чыкты. Жолугушууга АКШ, Улуу Британия, Аргентина, Жаңы Гвинея, Швейцария, Германия, Испания, Россия жана Австрия өлкөлөрүнүн учкучтары келишет. Эмне себептен Ысык-Көлдү тандап алдык? Биринчиден дүйнө элин суктандырган көлүбүз, муну менен катар облусттун инфраструктурасынын өнүгүүсү да биздин көңүл чордонубузда болду.

- Кыргызстанда мындай жолугушуу алгачкы жолу болуп жатабы? Эмнелерди талкуулайсыздар?

- Дүйнө жүзүн кыдырган учкучтардын келиши биздин өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жатат. Алдыдагы жолугушуу биздин авиация тармагыбыздагы тарыхый учур. Негизинен талкуу дүйнөнүн кайсы регионунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, авиация тармагында кандай жылыштар бар, океандарда кандай өзгөрүүлөр бар? Кандай жаңы эрежелер кирди деген темалардын алкагында болот. Жолугушууда мен аларды кызыктырып жаткан кыргыз авиацисындагы олуттуу жылыштар боюнча айтып берем.

- Критерийлер боюнча деп белгилеп кетпедиңизби, кененирээк айтып өтсөңүз кандай критерийлер боюнча Кыргызстанды тандап алышты?

- Жолугушууну кайсыл өлкөдө өткөрүү бир жыл мурун аныкталат. Негизги критерийдин бири, ошол өлкөдө сөзсүз түрдө дүйнө жүзүн кыдырган учкуч болушу керек. Кийинки кезекте ошол өлкө тынч жана коопсуз болушу шарт. Биз коопсуздук боюнча да рейтингге көтөрүлбөдүкбү. Алар мунун баарына мониторинг жүргүзүп турушат жана ушундай жагдайлардын баарын эске алышат. Анан албетте, өлкөнүн авиация тармагы. Өзүңүздөргө маалым болгондой эле, бүгүнкү күндөгү жакшы жышаандарбыздын катарын толуктап жаткан биздин авиация тармагыбыз болуп жатат. Мамлекеттин колдоосу менен кара тизмеден чыгып жатабыз. Менин учкуч кесиптештериме өлкөбүздөгү мындай жакшы иш-аракеттер кандай ишке ашып жаткандагы абдан кызык. Ошондой эле биздин өлкөбүздүн туризм тармагынын өнүгүп жаткандыгы. Биздин тоолуу ландшафт аларга абдан кызыктуу. Көчмөн маданиятыбызды да изилдегилери келгенин көп айтып келишет.

- Жолугушуу авиация тармагыбызга, деги эле өлкөгө кандай пайда алып келет?

- Биринчи кезекте өлкөбүздү дүйнө жүзүнө таанытуу. Келе турган учкучтар жөн эле учкуч эмес, алардын ар бири дүйнөлүк рекордсмендер. Бирөөсү ылдамдык боюнча рекорд жасаган. Кээ бирлери түндүк жана түштүк полисти айланып чыккандар. Үч жолу жер жүзүн айланып чыккан айымдар да бар. Жөн эле учуп жүрбөстөн ар түрдүү илимий жасаган учкучтар да бар. Мындай өзгөчө адамдар өз өлкөлөрүнө биздин өлкө тууралуу маалымат беришсе, Кыргызстанды миллиардаган адамдар таанышат да. Алардын арасында социалдык тармактагы жеке баракчасында миллиондогон катталуучулары бар учкучтар да бар. Биз меймандостугубузду канчалык жакшы көргөзсөк, алар ошончо жакшы пикир жазышып, өлкөгө агылган туристтердин саны да өсөт. Эми жалпылай айтканда жолугушуунун өлкө үчүн мааниси зор.