Бүтүрүүчү үчүн мектепти аяктоо – чоң жашоонун башаты. Бул чечүүчү учур – кыялдар менен максаттар айкалышкан, тандоолор келечекти аныктаган мезгил болуп саналат. Бүгүн “Кабар” агенттиги келечектеги кесибин тандап, чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшырууну көздөп жаткан 11-класстын окуучусу Өмүрбек кызы Абия менен маектешип, окуучунун максаттары, даярдык процесси жана келечекке болгон көз карашы жөнүндө кеп курду.
- Абия, мектепте кандай окуйсуң? 11 жыл аралыгында кандай ийгиликтерди жарата алдың?
- Мен №68 жалпы билим берүү орто мектебинин 11-классынын окуучусумун. Мектепте жакшы окуп, ар кандай олимпиадаларга, долбоорлорго катышып байгелүү орундарды ээлеп келем. Алардын арасында шаардык, республикалык жана эл аралык олимпиадалар, кароо-сынактар бар. 10-класста республикалык олимпиадага англис тилинен катышып биринчи орунду ээлегем. Ал эми быйыл, 11-класста кыргыз тилинен үчүнчү, англис тилинен биринчи орунду ээлеп планшет утуп алдым. Ошондой эле, 2024-жылы “Креативдүү идеялар жана технологиялар кербени” деген эл аралык фестивалга өзүмдүн долбоорум менен катышып, биринчи даражадагы дипломго жана алтын медалга ээ болгом.

- Ушул жөнүндө кененирээк айтып кетсең...
- Ротордук унаа токтотуучу жайдын макети жасап катышкам. Автоматташтырылып, адамдын катышуусу жок иштей турган, 8-10 унаа бата турган көп кабаттуу механизмди жасап чыккан элем.
Андан сырткары, 10-класста “Экобатл – 2024 шаардык кароо-сынагына” досторум менен катышып утушка ээ болгонбуз. Учурда дагы эки долбоорго катышып жатам.
- Быйыл бүтүрүүчү экенсиң? Алдыда кайсы кесиптин ээси болойун деп жатасың? 10 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
- Өзүм IT тармагына кызыккандыктан, жасалма интеллект жаатында адис болууну каалайм. Андыктан, дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку окуу жайларынан билим алууну көздөп жатам. Сингапур улуттук университетине тапшыргым келет.
10 жылдан кийин өз кесибимдин мыкты адиси болуп, жаңы технологияларды жараткан, инновациялык идеялары менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан IT адиси болсом деп кыялданам.

- Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
- Хоббим – китеп окуу, музыка угуу жана сүрөт тартуу. Кээде спорт менен машыгам. Өзүм негизи жаңы нерселерди үйрөнгөндү жакшы көрөм. Азыр экзамендерге даярданып жаткандыгыма байланыштуу ийримдерге убактылуу бара албай калдым. Буга чейин ар кандай ийримдерге анын ичинде комуз үйрөнүүгө, ораторлук чеберчилик курстарына катышып жүрчүмүн. Мунун аркасы менен өзүмдү эркин алып жүргөндү, оюмду эркин айтканды үйрөндүм. Англис тили курсуна барып эркин сүйлөй турган деңгээлге жеттим. Математика сабагынан кошумча сабак алып, билимимде тереңдеттим.

- Бүгүнкү күндүн окуучусу кандай болушу керек деп ойлойсуң?
- Менин оюмча, бүгүнкү күндүн окуучусу - мектепке барып-келип, китептеги маалыматтарды окуу менен гана чектелбесен, ар бир сабакты түшүнүп, турмушта колдоно билген, мектептен сырткары да пайдалуу иштер менен алектенип, алдына максат коюп, ага умтулган окуучу.