Быйыл кызыл аттестат алуудагы "Алтын тамга" тестирлөөсү жоюлду – Агартуу министрлиги

Коом Загрузка... 23 Май 2025 15:22
WhatsApp Image 2025-05-23 at 15.11.46.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Быйыл бүтүрүүчүлөргө жеңилдик берүү максатында кызыл аттестат алуудагы “Алтын тамга” тестирлөөсү жоюлду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кызыл аттестатты аталган тестирлөөдөн өткөн гана бүтүрүүчү алчу. Эми 11 жыл ичинде чейректеринин баары 5 чыккан бардык бүтүрүүчү ала алат.

“Бул бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекет тарабынан түзүлгөн абдан жакшы шарт болду. Себеби, 5ке окуп келген окуучуларыбыздын баары тестирлөөдө кулап, кызыл аттестат алгандардын саны аз болуп келген. Быйыл буйруса, кызыл аттестат алган бүтүрүүчүлөрүбүздүн саны көп болот”,-деди ал.

Сыдыкназарова белгилегендей, "Алтын тамга" тести 2011-жылы 11-классты жалаң "5" деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулган.