2024-2025-окуу жылында республика боюнча 11-классты жалпы 80 миң 348 бүтүрүүчү аяктайт. Алардын канчасы кандай кесипти тандаары азырынча белгисиз.
Кээ бир жаштар кайсы кесиптин ээси болоорун мурдатан эле тандап коюшкан. Ал эми, кээ бирлери билим албай эле, чет өлкөгө чыгып кетүүгө кызыкдар. Айрымдары болсо “Кайсы окууга окуйм, кайсы кесипти тандайм?”, - деп убара.
Албетте, күн сайын өзгөрүп жаткан заманда талапка ылайык кесип тандоого тыкыр көңүл буруп, терең маани берүү зарыл. Себеби, көпчүлүк жаштар кесип тандоодо жоопкерчиликсиз болушат. Үйгө жакын университет, досторум менен бирге окуйм дегендер да жок эмес. Бул сөзсүз түрдө текке кеткен убакыт, жакпаган кесип жана максатсыз жашоого алып келет. Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек? Дегеле, эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап көп? “Кабар” маалымат агенттиги заман талабындагы кесиптер тууралуу адистердин пикирин укту.
Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиованын айтымында, өлкөдө иши илгерип жаткан ири долбоорлордун алкагында өлкөдө бир нече кесипке суроо-талап бар.

“Санариптештирүү доорунда, дүйнөнүн булуң бурчунда IT тармагы өнүгүп жатат. Биздин өлкөдө дагы бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Биздин жаштар өз өлкөсүндө жашап, дүйнөнүн каалаган аймагында иштеп жатышат. IT тармагына быйыл дагы суроо-талап күч. Мындан сырткары, өлкөбүздө нечендеген көз кубандырарлык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун салынышы. Долбоорду ишке ашырууда темир жолун адистигин даярдоо үчүн, биздин окуу жайлар Кытайдын окуу жайлары менен биргеликте иш алып барат. Бул боюнча жакында эле Сиань шаарынын окуу жайы менен меморандумга кол коюлду. Ушул тармакта эмгектенүүнү каалаган бүтүрүүчүлөр Ош технологиялык жана Кыргыз мамлекеттик техникалык окуу жайларына тапшырса болот. Ошондой эле, быйыл жаштар туризм багытына көбүрөөк басым жасай алышат. Анткени, “Үч чоку” лыжа базасынын курулушу башталды. Ал жерге инструкторлор, тейлөө кызматтарына адистер керек. Өзгөчө көңүл буруучу кесиптерге быйыл педагогика да кирет. Себеби, быйыл өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасы кирип жатат. 12 жылдыктын киргизилиши менен сөзсүз түрдө мугалимдер керек. Ошондой эле, кайра иштетүү, жеңил өнөр жай тармактары дагы соңку жылдары өнүгүү жолуна түштү. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө курулуш тармагы дагы абдан күч алды, ошондуктан ал тармакка дагы адистерге таңсык бар. Нечендеген завод, фабрикалар ачылып жатат. Бул тармактарга жумушчу күчү жетпей жатканын адистерибиз тынымсыз эле айтып жатышат. Бүтүрүүчүлөр ушулардын баарын эске алышса”,-деди ал.

Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төлөс Абылкасымов туура кесип тандоо гана эмес, ошол кесиптин мыкты адиси болуп чыгуу да маанилүү экенин белгилейт.
“Азыркы коомдо кайсы гана тармак болбосун чыгармачыл адам болуш керек. Менин оюмча келечекте кайсы бир кесиптин келечеги кең деп бирөөнү так айтуу кыйын.

IT? Медицина? Туризм? Менеджмент? Булар жөн гана инструмент. IТни окуп, туризмди окуп, бирок андан пайдалуу долбоор чыгара албасак өздөштүрүүнүн мааниси жок. Ошол себептен жакшылап ойлонуп, жүрөгүңө жаккан ишке барып, ошого чыгармачылык, креативдүүлүк менен мамиле кылсак жыйынтыгы сөзсүз жакшы болот. Ага кантип жетебиз? Көркөм чыгармаларды абдан көп окуу керек. Аны кылбаган адамдын ой-жүгүртүүсү чектелип, роботко айланат. Китеп окуу керек. Ошон үчүн ар бир ишти сүйүү менен, чыгармачылык менен ишке ашыруу зарыл. Креативдүү экономика көп киреше алып келет. Ар бир кесип ардактуу. Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам эмеспи. Анын сыңарындай мен да мектепти аяктап жатканда кайсы кесипке суроо талап жогору экенине маани бергем. Өз кесибин туура эмес тандаган студент турмуштагы ордун табууда жана кесиптик өсүүдө да кыйналат. Ошондуктан абитуриенттерге айтар кеңешим кесип тандоодо жаңылбагыла”,-деди ал.

Абылкасымов белгилегендей, учурда суроо-талапка ээ кесиптерге төмөнкүлөр кирет:
- Креативдүү индустрия;
- дизайн (дизайнер-иллюстратор, кийим дизайнери, графикалык дизайнер);
- IT тармагы (КТБ адиси, изилдөөчү-иштеп чыгуучу);
- архитектура;
- менеджмент;
- режиссура;
- пиар жана маркетинг (маркетолог, PR-менеджер);
- тигүү тармагы;
- медицина;
- юриспруденция (юрист, адвокат);
- кулинария;
- каржы (финансист, аудитор);
- психология;
- педагогика.

“Бул адистиктер жөн эле тандалган эмес. Мектеп окуучулары жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген студенттер арасында кесип тандоо темасында социалдык сурамжылоо жүргүзүлгөн. Алынган жооптордун негизинде азыркы жаштар эң көп кызыккан багыттардын тизмесин түздүм”,-деди ал.

Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова белгилегендей, 2025-жылдын 1-май айына карата 8 миң 844 жумушчу орун эмгек рыногунда суроо-талапка ээ. Бош орундар төмөнкү кесиптер боюнча көрсөтүлөт:
- мугалимдер (мектепке чейинки жана окуу жайлар) – 553;
- саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 693;
- менеджерлер – 50;
- социалдык кызматкерлер - 30;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар - 393;
- юристтер – 19;
- экономисттер – 351;
- психологдор – 15;
- инженер – 39;
- промоутерлер – 42.
Жумушчу кесиптер боюнча – 6 миң 650:
- компьютердик адистер (оператор, программисттер )– 135;
- өнөр жай тармагы - 339;
- соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар ) – 461;
- тигүүчүлөр – 1 301;
- курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 219; (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.)
- айдоочулар – 962;
- кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 310 (чач тарач, тырмак мастери, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчылары, курьер, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары ).

Ар бир кесип ардактуу. Кандай кесип тандасаңыз да ийгиликке жетиш үчүн тоодой мээнет кылыш керек. Эң башкысы - өз кесибин сүйгөн бактылуу адамдардан болуу маанилүү.