“Ак-Суу” кесиптик лицейи “Ала-Тоо Резортко” адистерди даярдайт

Билим Загрузка... 11 Июнь 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова Ысык-Көл облусундагы “Ак-Суу” республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейге барышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда лицейдин директору Банур Абдиева окуу жайдын өнүгүү пландары менен тааныштырып, абитуриенттерди кабыл алууга даярдык иштери боюнча айтып берди.

Жолугушууга ошондой эле “Ала-Тоо Резорт” ААКтын жана Ухань шаарындагы тышкы экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча борбордук топтун өкүлдөрү катышты.

Министрликтен белгилешкендей, “Ак-Суу” инновациялык туристтик кесиптик лицейи туризм жана тейлөө тармагы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган Кыргызстандагы эл аралык деңгээлдеги алгачкы туристтик мектептин пайдубалы болуп калмакчы.

“Ак-Суу районунда ири “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Анын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мейманкана сервиси, коомдук тамактануу, туризм жана конокторду тейлөө тармактарында көп сандагы адистер талап кылынат. “Ак-Суу” лицейи ушул жана башка туристтик долбоорлор үчүн зарыл болгон кадрларды даярдоону камсыз кылууга багытталган”, - деп билдиришти министрликтен.