Тамчыда көлдүн жээгиндеги саздак жерлер жакшыртылууда

Аймак Загрузка... 22 Апрель 2026 11:35
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Тамчыда көлдүн жээгине кум төгүү иштери туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай ыкма чет өлкөлөрдөгү алдыңкы туристтик обьекттерде кеңири колдонулуп келет.

"Бул иштер көлдүн акваториясын кеңейтүү же көлдү толтуруу максатын көздөбөйт. Көлдүн жээгиндеги саздак участоктордун абалын жакшыртуу жана жээкти бекемдөө максатында гана жүргүзүлүүдө. Төгүлгөн грунт белгиленген көлөмдө тегизделип бүткөндөн кийин жээк мурдагы чегинде сакталат, саздак жерлердин абалы гана жакшыртылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, колдонулуп жаткан грунт ушул эле аймактан алынган. Грунт төгүлгөндөн кийин үстүнө кошумча эленген кум катмары төшөлөт. Учурда экологиялык коопсуздук боюнча бардык талаптар толугу менен сакталууда.