Тамчы — Чолпон-Ата унаа жолу маал-маалы менен жабылат – Алагөзов

Коом Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 18:25
IMG_5194.png

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Ысык-Көл районунун тургундарына жана эс алуучуларына кайрылып, алдыдагы күндөрү жол кыймылында убактылуу чектөөлөр болорун кабарлады.

Анын айтымында, 30-июлдан 1-августка чейин "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки автожол маал-маалы менен жабылып турат.

“Жолдордун жабылышы мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу. Бул күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен келишет. Ошондой эле бир катар өлкө башчыларынын катышуусунда "Борбор Азия — Азербайжан" саммити өтөт”,–деп жазган ал.

Аскат Алагөзов жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурап, өлкөнүн эл аралык мамилелерин бекемдөөгө багытталган бул маанилүү иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүндү.