Таластын Кара-Суу айылындагы мектеп капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Аймак 24 октябрь 2025 17:38
kap4-31968fb563dc4a0b6.16829515.jpg
kap3-54768fb563dc4e9e1.74869733.jpg
kap5-81168fb563dc52b66.35699809.jpg
kap1-40168fb563dc59aa5.58751669.jpg
Алдыга
Артка
kap4-31968fb563dc4a0b6.16829515.jpg
kap3-54768fb563dc4e9e1.74869733.jpg
kap5-81168fb563dc52b66.35699809.jpg
kap1-40168fb563dc59aa5.58751669.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан А.Карыпкулов атындагы 3 кабаттуу эски мектеп толук капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, быйыл башталган. Азыркы тапта курулуш иштери 75 пайызга бүтүп калды.

Белгилей кетсек, мектеп 1986-жылы пайдаланууга берилген, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Учурда 600гө жакын бала билим алат. ‎