Таластын "Азия" футбол клубу Жогорку лигага кирди

Спорт Загрузка... 17 Ноябрь 2025 14:40
585368246_129764256.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Таластын "Азия" футбол клубу Кыргызстандын негизги чемпионатында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Жогорку лигасы (мурдагы премьер Лига) кийинки футбол сезонуна өзүнүн курамын кеңейтти.

Эскерте кетсек, 2025-жылкы сезондо өлкөнүн негизги чемпионатына 14 клуб катышкан.

Таластын атынан чыга турган "Азия" клубу өлкөнүн негизги футбол чемпионатына расмий түрдө киргизилди. Өмүрбек Бабанов Кыргыз футбол биримдигинин "Азия" клубун түзүү демилгесин колдогону белгиленди.

Учурда Талас борбордук стадионунда курулуш иштери жүрүп жатат, курулуш аяктагандан кийин ал "Азия" футбол клубунун үй аренасы болуп калат.