Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Талас облусунан келген жыгач уста Нурлан Калдыбетов Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жыгачтан жасалган этно буюмдарын алып келди.
Устанын айтымында, бул анын көчмөндөр оюндарына биринчи жолу келиши. Иш-чара купулуна толгонун айтат.
“Талас облусунан келдик. Жыгачтан жасалган этно буюмдарды, идиштерди алып келгенбиз. Алып келген буюмдарыбыздын көбү өтүп кетти. Элдер кызыгып, сатып алып жатышат.
Буюмдарыбыз кара жыгачтан, арчадан, жаңгактан жасалат. Негизинен идиш-аяктарды жасайбыз, мөмө-жемиш салуучу идиштер да бар.
Кырчында уюштурулган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эң жакшы баа берем. Мен бул иш-чарага биринчи жолу келип жатам. Бул жерде соодагерлерге түзүлгөн шарттар дагы жакшы”, — деди ал.