Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 18-июнда саат 18:20 чамасында Талас районунун Кара-Ой айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар менен атайын техникалардын ыкчам аракетинин аркасында кырдаал тез арада көзөмөлгө алынган.
Сел суулары айылдын эки тарабындагы коктулардан түшүп, ички арыктарга батпай кеткен. Натыйжада айылдагы эки үйдүн короо-сарайын жана бир үйдүн жер төлөсүн суу каптаган.
Ал эми Узун-Булак өзөнүнөн келген суу бир сарайды жана жайлоого баруучу жолду каптаган. Бактыга жараша, турак үйгө зыян келген эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, адамдар жабыркаган жок. Мал-жандыктарга, айдоо аянттарына жана үйлөргө олуттуу зыян келтирилген эмес.
Кырсык болгон жерге дароо атайын техникалар тартылып, сел сууларынын нугу коопсуз тарапка - Чоң-Чычкан суусуна жана Талас дарыясына бурулду.
Бүгүн, 19-июнда Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде сарайга баруучу жолдун абалын текшерип, келтирилген чыгымдарды тактоо иштерин улантууда.
Ушундай эле сел кооптуулугу Айтматов районунда да катталган. Учурда тиешелүү кызматтар ал жактагы абалды да толук көзөмөлдөп жатышат.