Таласта жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлдү

Аймак Загрузка... 28 Март 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек 28.03.25 /Бишкек/. Таласта жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунун Талас районунда Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында болгон жер силкинүүдөн 5 турак жайдын дубалдарынан жарака кеткен.

Мындан улам саат 05:15де ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы ыкчам жыйынга чогулуп, абалды көзөмөлдөө, айыл аймактардан маалымат алуу, чара көрүү, кесепеттерин тактоо иштерин жүргүзүүнү талкуулашкан.

Каракол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы саат 06:00гө карата абал тынч, жергиликтүү тургундардан кайрылуулар азырынча түшө электигин билдирген. Ал эми ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүүнү улантат.

Белгилей кетсек, бүгүн Сейсмология институту саат 04:42де Казакстандын аймагында күчү 5,5 балл жеткен жер титирөө катталганын, Талас облусунун Талас районундагы Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймактарында 4 балл болгонун маалымдады.