Таласта жайыт жерлердин катмары бузулган: Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Аймак 7 октябрь 2025 17:20
1057295.345a29393df8444ece0ade3e42264557.jpg
WhatsApp Image 2025-10-07 at 10.58.48.jpeg
Алдыга
Артка
1057295.345a29393df8444ece0ade3e42264557.jpg
WhatsApp Image 2025-10-07 at 10.58.48.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Таласта экологияга 23 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталып, экологияга 23 млн 430 миң сомдук зыян келтирилген.

Тактап айтканда, 2022-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясы тарабынан Беш-Таш айыл аймагындагы “Карьер” участогундагы 2,2 гектар жерден кум-шагыл жана чопо казууга уруксат берилип, бирок көзөмөлдүн жетишсиздигинен улам жайыт жерлердин катмары бузулган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.