Таласта органикалык продукциялардын фестивалы өттү

Аймак Загрузка... 11 Сентябрь 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында өткөн «Ширге Жыяр» органикалык продукциялар фестивалына катышты.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш-чаранын конокторунун арасында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү, жергиликтүү бийлик органдарынын, дипломатиялык корпустун жана органикалык дыйканчылыкты илгерилеткен ассоциациялардын өкүлдөрү да болду.

Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын фермердик чарбалары жана компаниялары ички рынокко, ошондой эле Кытай, Европа, АКШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө экспорттогон органикалык продукцияларын тартуулашты.

Динара Кемелова өз сөзүндө 2023-2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерге токтолуп, анын алкагында органикалык аймактарды өнүктүрүүгө, күнөскана чарбаларын кеңейтүүгө, түшүмдү сактоо боюнча чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ошондой эле, органикалык өндүрүш бүгүнкү күндө айыл чарбасынын бир тармагы гана эмес, улуттун саламаттыгына кам көрүүнүн, айлана-чөйрөнү коргоонун жана туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык маанилүү элементи экенин баса көрсөттү. Экологиялык таза продукцияга болгон дүйнөлүк суроо-талаптын өсүшү Кыргызстанга эл аралык рынокторго чыгуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Фестивалдын коноктору органикалык продукциялардын даамын татып, сатып ала алышты, ошондой эле Талас облусунун Көпүрө-Базар жана Талды-Булак айыл аймактарынын мисалында «органикалык аймак» модели менен таанышышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар ФАОнун колдоосу менен «BIO KG» органикалык өндүрүш технологияларын ийгиликтүү ишке киргизген фермердик чарбаларга да барышты.

Алар Кыргызстанда Эл аралык органикалык айыл чарба кыймылдары федерациясынын (IFOAM) стандарттарына ылайык кепилдик системасын (PGS) киргизгендердин алгачкыларынан болуп калышты.