Таласта Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Аймак Загрузка... 21 Март 2026 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районунун борбору Кызыл-Адыр айылында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, байыркы салт-санааны, улуттук баалуулуктарды даңктап, биримдик менен ынтымакты бекемдеген бул майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду.

Салтанатка Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабеков жана Медина Кайрылбекова катышып, жалпы эл-журтту Нооруз майрамы менен куттукташты.

Өз сөзүндө облус башчысы президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун Талас облусунун тургундарына жеткирип, элге бекем биримдик, туруктуу өнүгүү жана албан ийгиликтерди каалады.

Ал эми Эрлист Акунбеков Талас облусунун өнүгүүсүнө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, ири долбоорлор колдоого алынып жатканын билдирди. Ал бул жыл Талас эли үчүн ийгиликтерге бай, өсүп-өнүгүүнүн жылы болоруна ишеним артты.

Майрамдык программа салттуу жөрөлгөлөр менен коштолуп, конокторду тосуп алуу аземинен башталды. Умай энелер аластап тосуп алып, төкмө акындардын айтышы, Манас айтуу жана Нооруз ырлары жаңырды. Сүмөлөктөн даам сызылып, бата-тилектер айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө көргөзмөлөр уюштурулду.

Майрамдык иш-чарада оюн-зоок жана кеңири концерттик программа тартууланды.