Талас түп-тамырынан өзгөрүптүр – Жалал-Абаддын тургуну

Аймак 12 сентябрь 2026 11:11
copyright icon KABAR Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Талас, 12.09.26. /Кабар/. Талас элинин аракети, өнүгүп жатканы суктандырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Талас облусуна Жалал-Абаддан келген конок Бүайша Кеңешова билдирди.

Анын айтымында, шаардын соңку жылдардагы өнүгүү темпи жана ички инфраструктурасынын өзгөргөнү дароо байкалат.

”Таласка мурда да келип жүргөм, бирок азыркы өзгөрүүлөр абдан кубандырат. Шаардын ички инфраструктурасы таптакыр башка нукка бурулуп, көрктөндүрүү, жолдорду жана эс алуу жайларын иретке келтирүү иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүптүр. Жергиликтүү элдин эмгекчилдиги жана шаарды өнүктүрүүгө болгон умтулуусу чынында эле суктанууну жаратат”, — деди Кеңешова.